Тамсилдер


Молдо Кылыч Шамыркан уулунун “Тамсилдер аттуу китеби 1925-жылы Москва шаарында жарык көргөн. Китептин ичинде “Канаттуу”, “Буудайык”, “Буудайыктын тою” аттуу үч тамсил камтылган. “Канаттуу” тамсили Молдо Кылычтын жеке чыгармасы, ал эми “Буудайык” элдик чыгарма болуп саналат. Китептин баш сөзү Данияр уулу Базаркул тарабынан жазылган. 1) Канаттуу – бул чыгарма кыргыз жеринин куштары жөнүндө өзгөчө поэтикалык жыйнак. Чыгармада ар бир канаттуунун кулк-мүнөзүн, өңүн, кооздугун, коркоктугун, күчтүүлүгүн, байкуштугун жана башка сапаттарын сүрөттөгөн. 2) Буудайык -  асманда эркин чабыттап учуп жүргөн, эзели кишиге карматпас, канаттуулардын төрөсүле аталган, багынбас, баатыр “Буудайык” аттуу куш жөнүндөгү поэма. Ошондой эле элдик оозеки адабиятындагы жоомоктун негизинде  “Буудайыктын тою” чыгармасы да бар.


Инвентарный номер 110
Предыдущее название инвентаря 55
Автор произведения Молдо Кылыч Шамыркан уулу
Собиратель Кыргыз Билим коммисиясы
Место записи Москва
Дата записи 1925
Дата передачи в рукописный фонд 1978
Язык рукописи чагатай
Алфавит рукописи Араб
Количество страниц 80
Количество строк 1500
Первое предложение 1) Сүйлөп сөзүм чачайын; 2) Мурунку өткөн заманда; 3) Мурунку өткөн заманда.
Последнее предложение 1) Үкү куштун майыбы; 2) Муңканып карап калды ушул; 3) Бет алдына тарашты.
Состояние рукописи Средне
Подача текста в рукописи Ыр түрүндө берилген